АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Жүрөк кемтиги менен ооруган 10 балага жыл сайын Кытайда операция жасалат
01.03.2024 | 09:50
Жүрөк кемтиги менен жабыркаган кыргызстандык 10 балага жыл сайын Кытайда операция жасалат. Бул тууралуу президенттин жубайы Айгүл Жапарова өзүнүн баракчасында билдирди.
Ал Кытайдан (Хэнань провинциясы) парткомунун катчысынын орун басары, “Сюнкэ” ооруканасынын вице-президенти Вэй Сян баштаган төрт дарыгер менен жолугушуу өткөрдү.
Кытай тарап “Сюнкэ” жыл сайын жүрөгү катуу жабыркаган кыргызстандык 10 балага операция жасоого макул болду. Андан сырткары беш кыргыз дарыгерин окутуу макулдашылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом