Кыргызстандык 14 дзюдочу Ташкенттеги мелдешке катышат

Кыргызстандык 14 дзюдочу Ташкенттеги мелдешке катышат

Кыргызстандык дзюдочулар Өзбекстанда өтө турган Tashkent Grand Slam («Ташкент Гранд Шлем») мелдешине катышат. Бул тууралуу спорттук журналист Тахир Гафуров билдирди.

Мелдеш 1-3 мартта өтөт. Ага Кыргызстандан 14 спортчу катышат. Эркек арасында турнирге Кубанычбек Айбек уулу (66 кг), Казыбек Чыныбеков (66 кг), Адам Бакытбек уулу (73 кг), Чынгызхан Сагыналиев (73 кг), Асад Масабиров (81 кг), Арсений Кладнов (81 кг), Эрлан Шеров (90 кг), Анарбек Ишенбаев (90 кг) и Эмирхан Жолдошказиев (+100 кг) барат.

Кыз-келиндер арасынан мелдешке Жанар Жолдошева (57 кг), Ажар Исаева (63 кг), Адина Көчкөнбаева (63 кг), Сауле Алмазова (70 кг) жана Шахида Нармухамедова (+78 кг) катышат.

Белгилей кетсек, «Гранд Шлем» мелдештери абройлуу турнирлердин катарына кирет. Бул мелдеште байгелүү орундарга ээ болгон спортчулар дүйнө чемпионаты жана Олимпиада оюндарына катышуу үчүн рейтингдик упайларды ала алышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>