«Жүрөккө күч келтирбеш керек». Ташиевдин гантель көтөргөн видеосу  

«Жүрөккө күч келтирбеш керек». Ташиевдин гантель көтөргөн видеосу  

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 13-июлда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон шаарындагы  “Ак илбирс” балдардын эс алуу борбору жана ден соолукту чыңдоо комплексинин салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу Министрлер кабиненин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, комплексте 120 орундуу жатакана, китепкана, 100 орундуу кинотеатр, машыгуучу залдар, кичи футбол аянтчасы, спорт аянтчалары, 2 бассейн жана ашкана бар.

Социалдык тармакта Камчыбек Ташиев менен Акылбек Жапаровдун аталган комплекстин спорт залындагы машыгып жаткан видеосу тарады. Андан УКМК төрагасынын 25 килограммдык гантелди 5 жолу көтөргөнүн жана ага Акылбек Жапаровдун «жүрөккө күч келтирбеш керек» деп айтканын көрүүгө болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>