Садыр Жапаров Эрдэнэт шаарына барды

Садыр Жапаров Эрдэнэт шаарына барды

Президент Садыр Жапаров Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын экинчи күнүндө бүгүн, 10-июлда, Эрдэнэт шаарына келди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул жерде өлкөдөгү ири тоо-кен ишканаларынын биринин ишмердүүлүгү менен таанышуу пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, Эрдэнэт шаарында Азиядагы эң ири тоо-кен компанияларынын бири жайгашкан.

Буга чейин 9-июлда Улан-Батор шаарында президент Садыр Жапаровдун Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен расмий жолугушуу аземи болуп өткөн.

Андан соң сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн преизденттери достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө Кыргызстан менен Монголиянын биргелешкен декларациясына кол коюшкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>