Бишкек — Ош жолуна кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Жолдор тайгак

Бишкек  — Ош жолуна кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Жолдор тайгак

1-2-декабрь күндөрү жаап жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек  —  Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-231 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Министрлик айдоочуларга сак болууга чакырды.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл!

Алыскы жолго чыгууда төмөнкүлөрдү эске алыңыз:

Унааны техникалык кароодон өткөрүп жана дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырыныз;

Унаада күрөк, чынчырча, медициналык куту (аптечка);

Дары-дармек;

Тез бузулуп кетпөөчү азык болушу зарыл;

Унаа жолдогу абалда кандайдыр бир учурга туш болуп, же кырсык катталган учурда 112 номерине чалыңыз, чалуу акысыз, күнү-түнү иштейт.

112 бирдиктүү номери:

101 – өрт күткаруу;

103 – медициналык тез жарадам;

102 – Милиция;

166 – Куткаруучулар;

104 –Авариялык газ кызматынын номуру.

Сиз бир эле чалууну аткаруу менен керектүү кызматтарды чакыра аласыз”- деп айтылат билдирүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>