ӨКМ: Бишкектин борборундагы курулушта чыккан өрт өчүрүлдү — жабыркагандар жокБишкектеги «Ырыс Ордо» конгресс-холлунун курулушу аяктап калдыБишкектин борборунда курулуп жаткан имараттан өрт чыкты — видеоИндонезиядагы жер титирөө: каза болгондордун саны 20га жеттиОрто-Сайда тургундар көчөнү реконструкциялоодон улам үйлөрүнүн бузулушунан кооптонуп жатышат2026-жылкы ДКӨнүн ачылышы Бишкектин бардык райондорундагы фан-зоналарда көрсөтүлөт
ИИМ: Мирбек Айтикеев кармалган жок
13.08.2019 | 15:55
Журналист, жарандык активист жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев кармалган эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирүү таратты.
“Маалымат каражаттарында Мирбек Айтикеев 10-октябрга чейин камакка алынды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Айтикеев 7-8-август күндөрү Кой-Таштагы окуялар боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында күбө катары каралат”, – деп жазылат билдирүүдө.
Буга чейин бир катар басымалар Мирбек Айтикевдин жакындарына таянуу менен анын Биринчи май райондук соту тарабынан 10-октябрга чейин камалганын жазып чыгышкан. Ал эми райондук соттун маалымат кызматы муну четке каккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат