Кечээ эле кызматтан алынган Жеңиш Абитов жаңы кызматка дайындалды

Кечээ эле кызматтан алынган Жеңиш Абитов жаңы кызматка дайындалды

Жалал-Абад облустук милициянын башчысы кызматынан алынган Жеңиш Абитов Бишкектин Свердлов райондук милициясынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Ички иштер министрлигинен ырасташты.

Эскерте кетсек, Абитов Кочкор-Атада 27-мартта болгон резонанстуу окуяга байланыштуу кызматтан алынган. Анда атайын багыттагы кызматкерлер шаар тургунун күч колдонуп кармап жатканда, окуяга анын баласы аралашып, спецназды секирип тепкен. Андан кийин спецназ баланын өзүн ур-тепкиге алган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратып, ИИМ ал боюнча териштирүү да жүргүзгөн. Жыйынтыгында Абитов менен анын орун басары Ильяс Касымбаев «милиция кызматкерлеринин аброюна шек келтиргендиги үчүн» деген жүйө менен кызматтан алынган.

ИИМден Абитовдун кайра кызматка дайындалышы боюнча комментарий берип, ал кызматтан төмөндөтүү менен Свердлов райондук милициясынын башчысы болгонун белгилешти.

Жалал-Абаддагы резонанстуу окуя. Милиция башчысы менен орун басары кызматтан алынды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>