10-июнга карата аба ырайы

10-июнга карата аба ырайы
(Сүрөт: В. Ушаков)

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы

Чүй облусу

түнкүсүн 19…24

түштөн кийин 31…36

Талас облусу

түнкүсүн 14…19

түштөн кийин 29…34

Баткен облусу

түнкүсүн 20…25

түштөн кийин 33…38

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн 20…25

түштөн кийин 33…38

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн 13…18

түштөн кийин 25…30

Нарын облусу

түнкүсүн 7…12

түштөн кийин 25…30

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Кечинде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 21…23, күндүзгү жогорку температурасы 33…35 градус жылуу болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>