Кыргызстанда контрабанда үчүн кылмыш жоопкерчилигинин босогосун жогорулатуу сунушталуудаОнкология борборуна жасалма интеллект менен иштеген төрт УЗИ аппараты орнотулдуСаламаттык сактоо министри энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгесин колдодуЫсык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого шектелген жарандан 777 метр тор алындыКурулуш министри Орунтаев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалышы мүмкүн деген сөздөргө жооп бердиТСЖнын отчеттуулугунан жаныбарларды коргоого чейин — Дастан Бекешев мыйзам долбоорлору тууралуу
Чүй: Чөп саткан унаалардан чыккан өрт өчтү
10.06.2023 | 00:02
Жолдо чөп сатып жаткан эки жүк ташуучу унаадан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Калининская айылында эки унаа өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча жүк ташуучу Зил унаанын газ балону жерге түшүп кеткендиктен жарылып, өрт чыккан. Натыйжада ЗИЛ унаасы толугу менен күйүп, жанында турган КамАЗ унаасындагы 180 түк чөпкө өтүп, толугу менен өрттөнгөн.
Өрттү өчүрүүгө жерине саат 20:13тө Жайыл райондук N22 ӨККБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 21:14дө толук өчүрүлдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз