Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Тергөө абагынан качкан Акматов кармалды
10.10.2021 | 13:12
Ысык-Ата тергөө абагынан качкан кылмышка шектүү 26 жаштагы Тилек Акматов Бишкектен кармалды. Бул туурасында Бишкек милициясы билдирди.
Маалыматка караганда, ал майда тиричилик буюмдары жүктөлгөн унааны айдап жүргөн жеринен колго түштү.
Бишкек шаардык Свердлов райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Буга чейин, бүгүн таң атпай 07:09 убакыт аралыгында Ысык-Ата тергөө абагынан 26 жаштагы Акматов Тилек Турсуналиевич качып кеткени кабарланган.
Ысык-Ата тергөө абагынан кылмышка шектүү качып кетти (ВИДЕО)
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар