Милиция медреседе окуган кыздарга экстремизмди түшүндүрдү

Милиция медреседе окуган кыздарга экстремизмди түшүндүрдү

Диний окуу борборунда окушкан кыздарга диний радикалдашуунун кесепеттери жөнүндө маалыматтар берилгенин Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 10-апрелинде ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан диний окуу борборлорунда жана медреседе окушкан кыздар менен жолугушуу өткөрүлүп, диний радикалдашуунун кесепеттери жөнүндө кенен түшүндүрмө берилип, бул багыт боюнча алардын маалымдуулугун, укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча агартуучулук иштер аткарылды.

Жолугушуу учурунда  “Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу”, “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Жаштар арасында диний радикалдашууну жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу”  темасындагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Өткөрүлгөн иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, кыздар тарабынан берилген суроолорго толук кандуу жооптор берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>