Антимонополия: Бензиндин баасын этап-этабы менен көтөрөбүз (АУДИО)

Антимонополия: Бензиндин баасын этап-этабы менен көтөрөбүз  (АУДИО)

Бензиндин баасын кескин көтөрүп жибербей, этап-этабы менен көтөргөнгө аракет көрүлөт. Бул туурасында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков Reporter.kg′ге билдирди.

Ал күйүүчү майдын баасын кескин өсүп кетпешине аракеттер көрүлүп жатканын айтып, негизги себептерин атады.

Бүгүнкү күндө Орусиядан алып келип жаткан бензин рыногунда 123 пайызга чейин, ал эми дизелдик отун рыногунда 86 пайызга чейин былтыртан бери өстү. Ал эми Кыргызстандын ички рыногунда дээрлик 80 пайызга чейин жогорулаган. Башкача айтканда, дүң баасынан ылдый. Буга чейин да нефтетрейдерлер бензиндин баасы көтөрүлөт деп айткан. Албетте, биз дүң бааларына көз каранды болгондон кийин баалар өзгөрүлүп жатат. Ошого карабастан кескин баанын жогорулашына жол бербөө үчүн иш-аракеттер жүрүп, негизсиз баа өспөйт. Эгерде, бир айдын ичинде баа кескин өсүп кете турган болсо, Экономика министрлиги тарабынан жөнгө салуу механизми каралат. Учурда атайын чет өлкөдөгү абал боюнча талдоолорду жүргүзүп турабыз. Доллардын курсунун кескин өсүшү да таасирин тийгизип жатат. Анткени, күйүүчү май ташыгандар доллар менен келишим түзүп алып келишет. Нефтетрейдерлер Ассоциациясы 12-13 пайызга чейин күйүүчү майдын баасын көтөрөбүз деп жатышат. Бирок, ошол эле маалда күйүүчү май ташыган компаниялардын пошлинасынан бошотуп жатабыз. Муну менен 1,5 сомго чейин таасири болот. Чыгымдарын түшүрдү, 2,5 сомго чейин таасири бар. Кирешелүүлүгү да өйдө-ылдый деңгээлде, ошол себептен жазгы талаа иштери маалында туруктуу кармап турганга аракет кылабыз. Майга болгон баалар көтөрүлсө да кескин түрдө көтөрүп жибербей, этап-этабы менен көтөрүүгө аракет кылабыз”- деди Тайлаков.

Доллар менен мунайдын баасынын өсүшү Кыргызстандагы бензиндин наркына өз таасирин тийгизгендиктен бензиндин баасы кескин жогорулап кетишин   Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирип чыккан болчу.

Бензиндин баасы кескин өсүшү күтүлүүдө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>