18-ноябрдан тарта өлкө боюнча милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

18-ноябрдан тарта өлкө боюнча милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

18-30-ноябрь күндөрү ИИМдин бардык түзүмдөрү «жогорулатылган» күжүрмөн даярдык баскычында кызмат өтөөгө өткөрүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган күндөрү милиция кызматкерлердин жана аскер кызматчыларынын кызматтык жөндөмдүүлүгү текшерилет.

«Бул күндөрү Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик, кызматтык даярдык жана ИИМдин атайын бөлүктөрүнүн күжүрмөн даярдык иш-мерчемдерин аткаруу максатында, бардык ички иштер органдарынын жана Ички аскерлеринин аскер бөлүктөрүндө милиция кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын кызматтык жана күжүрмөн даярдыгынын, ошондой эле атайын бөлүктөрдүн даярдыгынын жыйынтыгы чыгарылат», — деп айтылат маалыматта.

ИИМден белгилешкендей, жыйынтыктоо учурунда өздүк курамдын кызматтык, күжүрмөн, спорттук даярдыгына жана ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндө колдонгон укуктук-ченемдик актыларын билүү, ошондой эле атайын бөлүктөрдүн өзгөчө кырдаал жаралган учурда күжүрмөн тапшырманы натыйжалуу аткаруу мүмкүнчүлүктөрү текшерилет.

«Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту камсыздоодогу ишмердүүлүгүн жогорулатуу чараларын көрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>