Никаб — парз эмес, сакал — сүннөт. Дин аалымдары депутаттын сунушуна оюн айтты

Никаб — парз эмес, сакал — сүннөт. Дин аалымдары депутаттын сунушуна оюн айтты

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши динге байланыштуу кийинүү маданиятын жана сакал коюу адептерин түшүндүрүү жолу менен чечүүнү сунуштайт. Бул тууралуу алардын парламенттин депутаты Шарапаткан Мажитованын мыйзам долбооруна карата билдирүүсүндө айтылат.

Кыргызстандын мусулмандары карманган ханафий мазхабы боюнча никаб парз эмес экендиги белгиленет.

Ал эми хижабдын так белгилери жок болгондуктан ар бир адам өзү жашаган мамлекеттин каада-салттарына дал келгендей кийинүүсү туура деп эсептешет.

«Шариятта аялдар үчүн колу, буту жана жүзү ачык жүрүүгө уруксат берилет. Калган дене мүчөлөрү аял үчүн аврат деп эсептелет. Аврат эсептелген дене мүчөлөрүн жаап жүрүү исламда хижаб же тасаттур деп айтылат. Бирок никаб парз эмес. Азыр хижабдын деңгээлине да жете албагандар арбын», — дейт Аалымдар кеңеши.

Сакал коюу ислам дининде «сүннөт амалдардан» экени белгиленет.

Белгилей кетсек, Шарапаткан Мажитова паранжа кийген жана узун сакал койгон жарандарга 2 миң сом айыппул салуу же 30 саатка чейин коомдук жумуштарга тартууну сунуштайт. Эгер жаран бул эреже бузууну кайталаса, ага 4 миң сом айыппул салынат же 40 саатка чейин коомдук ишти аткарат.

Кыргызстанда паранжа кийгендерге жана узун сакал койгондорго айыппул салуу сунушталууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>