18 жаштагы Ширин Алайчиева “Miss Supranational” сынагына катышты
Кыргызстандык 18 жаштагы Ширин Алайчиева Польшада өткөн “Miss Supranational 2022” сулуулар сынагына катышты.
Сынак 16-июлда жыйынтыкталып, анда Түштүк Африкадан келген катышуучу Lalela Mswane жеңүүчү аталды. Алайчиева сынактын алдыңкы 30 орундукка кире алган жок.
Буга чейин Ширин Алайчиева сулуулар сынагында өзүн тааныштырган видеосун жарыялаган болчу.
[image_carousel source=”media: 147481,147482,147483,147484,147485,147486″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Ширин Алайчиева Бишкекте туулуп-өскөн. Мектепти аяктаган соң түштүк борборго көчүп барып, Ош мамлекеттик университетине тапшырган. Учурда медициналык факультетте билим алууда.
2021-жылдын ноябрь айында “Кыргызстан сулуусу” сынагында вице-мисс титулун жеңип алган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда