Сүлүктүдө аз камсыз болгон 25 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

Сүлүктүдө аз камсыз болгон 25 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы иш сапарынын алкагында аз камсыз үй бүлөлөр менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Алмазбек Рахманкулов, Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев жана Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасы Бакытбек Тагаев катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Үй-бүлөгө көмөк” долбоорунун алкагында мамлекеттен жардам катары каралган 100 000 сомдук сертификаттар шаардагы 25 аз камсыз үй-бүлөгө тапшырылды.

Депутат долбоордун негизги максаты аз камсыз үй-бүлөлөрдү колдоо экенин белгилеп, кайтарымсыз берилген каражатты айыл чарба жана өнөр жайына тармагы боюнча чакан ишкердикке жумшоого чакырды.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>