Мурдагы аялынын кулагы-мурдун кескен Эстебесов. Сотко апелляциялык арыз түштү

Мурдагы аялынын кулагы-мурдун кескен Эстебесов. Сотко апелляциялык арыз түштү

Сокулук районунун прокуратурасы мурдагы аялынын кулагы-мурдун кескен Азамат Эстебесовго чыккан өкүм боюнча Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, апелляциялык арыз боюнча процесс 1-апрелде саат 10:00до облустук сотто өтөт.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 20-сентябрда Селекцияда эркек киши мурдагы аялын (Асел Ногойбаеваны) сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Шектүү катары 39 жаштагы Азамат Эстебесов аттуу жаран кармалган.

Кийинчерээк аталган жаран мурдагы аялын (Асел Ногойбаеваны) зордуктаганы үчүн Сокулук райондук соту тарабынан 5 жылга абакка кесилгени, ошол эле учурда сот ага пробация колдонуп, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотуп жибергени белгилүү болгон. Жабыркаган аял райондук соттун чечими менен макул болбой, Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

27-сентябрда облустук сот зордуктоо боюнча ишти карап, айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыраткан. Белгилей кетсек, зордуктоо 2023-жылы 31-январда сентябрдагы каргашалуу окуяга чейин болгон.

Быйыл 26-январда Эстебесов Селекциядагы каргашалуу окуяга байланыштуу «адам өлтүрүүгө аракет кылуу», «зордуктоого аракет кылуу» жана «ден соолукка оор залал келтирүү» беренелери боюнча жана 8 жылга соттолгон «зордуктоо» иши боюнча жазалары бириктирилип, жалпы 20 жылга абакка кесилген.

Аселдин апасы соттун өкүмү тууралуу: Эне жүрөгүм макул болгон жок (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: сот

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>