Ат-Башыда “тазалыкчылар” иш таштады

Ат-Башыда “тазалыкчылар” иш таштады

Нарын облусунун Ат-Башы айылынын башчысы Азим Аалиевге нааразы болуп “Көрктүү аймак” муниципалдык тазалык ишканасынын жамааты иш таштады. Бүгүн фейсбук социалдык тармагына ушул багытта арыздын сүрөтү тарады.

Анда айыл өкмөт Азим Аалиев муниципалдык кызматкерлерди «мурдагы айыл өкмөттүн кишилерисиңер» деп кысымга алып, ар кандай басымдар менен иштен алам алам деп коркутуп жатканы айтылат. Ошол эле маалда Аалиевдин бир топ мыйзамсыз иштери айтылып, мекеменин техникаларын өзүнө бекер колдонулуп жатканы белгиленген.

Арыз ээлеринин айтымдарында аталган айыл өкмөт менен иштеше албай калган, андыктан бийликтен чара көрүп берүүнү суранган.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>