«Аткаминерлер бири-бирине шылтоодо»: Оштун тургуну үйүнүн жанындагы кооптуу курулушка даттандыКадамжайда экстремисттик материалдарды таратууга шектелип 26 жаштагы жаран кармалдыКүн станциялары, заводдор жана сурманы кайра иштетүү: Баткенде кандай долбоорлор ишке ашууда?Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кырчын капчыгайында кайсы иш-чаралар өткөрүлөт13 жаштагы кыргызстандык БУУга космосту таштандыдан тазалоо долбоорун сунуштадыАфганистанда бир миллионго жакын бала ачарчылыктан улам өлүм алдында турат
Ошто милициянын көчмө кабылдамалары күчөтүлгөн тартипте иштейт
26.12.2023 | 17:58
Ош облусунун аймагында милициянын көчмө кабылдамасы жигердүү иш алып барууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Облус аймагындагы Жаңы жылга карата жер-жерлерде орнотулган балатынын жанында милициянын көчмө кабылдамасы иштеп, коомдук тартипти кароодо.
“Милициянын көчмө кабылдамасы ар кандай укук бузулардын алдын алып, жарандарга спирт ичимдиктерин коомдук жайларда ичпөө, пиротехникалык заттарды колдонбоо, өрт коопсуздугун сактоо, жетелеп келген жаш балдарга кайдыгер болбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Мындай иш-чара облус аймагындагы бардык райондордо Жаңы жыл майрамы бүткөнгө чейин уланат”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом