УКМК депутатты 4,2 млн сом опузалаганы үчүн кармады

УКМК депутатты 4,2 млн сом опузалаганы үчүн кармады

Таластын Бекмолдо айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты 4,2 млн сом опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, Бекмолдо айылына түтүк тартуу пландалып, ишти аткара турган ишкананы аныктоо үчүн тендер өткөрүлгөн. Жыйынтыгында түтүктөрдү тартуу иштеринин акысы үчүн 67 млн сом белгиленип, тендерди бир жеке компания уткан. Бирок Ч.Т. аттуу жергиликтүү кеңештин депутаты жеке компаниянын директорунан 4,2 млн сом опузалай баштаган. Болбосо уруп-сабап кете турганын, иш жасатпай, тоскоолдук кыларын айтып коркуткан.

Аталган депутат 25-декабрда Бишкекте 1 млн сом алып жаткан жеринен кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү камакка алынган.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>