Кыргызстанда ЖОЖдорго документтерди кабыл алуунун үчүнчү этабы башталдыБардык авиакомпаниялар жүргүнчүлөргө кыргыз тилинде маалымат берүүгө милдеттендирилдиЖыл башынан «5200» ишеним телефонуна зомбулук боюнча 3,4 миңден ашуун кайрылуу түштүАйыл чарба министрлигинде 722 млн сомдон ашык финансылык бузуулар аныкталдыБаш аламандыкка чакырык жасаганга шектелген жаран боюнча жаңы фактылар аныкталды — ИИМИран Каспий деңизиндеги кемеге жасалган сокку үчүн Киевге жооп кайтарарын эскертти
21-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
20.08.2019 | 16:46
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 21-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Баткен, Чүй облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 31…36,
Жалал-Абад, Ош дубандарында түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36,
Талас жергесинде түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32,
Нарын аймагында түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23,
Бишкек шаарында түнкүсүн 15…17, күндүз 34…36 градус болот. Баш калаада батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жаан-чачын болбойт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом