23-май: Коронавирус 325 адамдан аныкталып, 8 бейтап каза болду

23-май: Коронавирус 325 адамдан аныкталып, 8 бейтап каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 325 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 4182 кишиден ПЧР тест алынган.

Илдет аныктылгандар:

Бишкек шаарында – 262;
Ош шаарында – 8;
Чүй облусунда – 19;
Ош облусунда – 8;
Талас облусунда – 3;
Нарын облусунда – 6;
Ысык-Көл облусунда – 18;
Жалал-Абад облусунда – 1;
Баткен облусунда – 0.

Ошондой эле инфекция 8 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 365 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 4, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 102 миң 511 адамдан аныкталды. Анын ичинен 95 миң 811 бейтап айыгып, 1 миң 751 киши каза болду.

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>