Садыр Жапаров бир катар өлкөлөргө жаңы элчилерди дайындады

Садыр Жапаров бир катар өлкөлөргө жаңы элчилерди дайындады

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилери менен башкы консулдары дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери менен башкы консулдары дайындалды.

Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:

— Базарбаев Таалай Чолпонбекович Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк  программасындагы жана Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фондундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Карагулов Азамат Омарбаевич Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды;

— Султанов Талант Кушчубаевич Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды;

— Арипов Назарали Турдалиевич Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы (Казакстан Республикасы) Башкы консулу болуп дайындалды;

— Сыдыкова Лира Эсенгуловна Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Түркия Республикасы) Башкы консулу болуп дайындалды.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык:

— Мукашев Данияр Муратбекович Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду;

— Алымкулов Алисбек Төлбашиевич Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы (Казакстан Республикасы) Башкы консулу кызматынан бошотулду;

— Абдрахманов Нурлан Асейинович Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Түркия Республикасы) Башкы консулу кызматынан бошотулду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>