2,8 миң доллар. Кыргыз маданий борборунун директорунун маянасы таң калтырат (видео)

2,8 миң доллар. Кыргыз маданий борборунун директорунун маянасы таң калтырат (видео)

Түркияда ачыла турган Кыргыз маданий борборунун директору 2,8 миң доллар айлык алат. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу ырастады.

Анын айтымында, маданий борборго үч штат ачылат. Директор 2 миң 800 доллар, эки кызматкери 2 миң 300 доллардан алат.

“Түркиянын орточо айлыгын эске алып, Тышкы иштер министрлиги менен Экономика министрлигинин кеңеши менен ушундай сумма коюлду”, — дейт Чыңгыз Эсенгул уулу.

Депутат Айсаракан Абдибаева айлык өтө эле жогору коюлганын белгилеп, кайра карап чыгууну сунуштады.

“Кайсы жерде ушундай айлык алат экен? Эмненин негизинде? Айлыкты, турак жай ижарасын дагы долбоордо бир нече жолу кайталап жазыпсыңар”, — деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, комитет Түркия менен Кыргызстандын маданий борборлорун ачуу боюнча келишимин ратификациялоо долбоорун кароодо.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>