Алматы: 3 адамдын өлүмүнө күнөөлүү жүргүнчү канча жылга соттолору айтылды (видео)

Алматы: 3 адамдын өлүмүнө күнөөлүү жүргүнчү канча жылга соттолору айтылды (видео)

Казакстандын Алматы шаарында автобус аялдамада турган кишилерди сүзүп, 3 адам каза болуп, 4 киши жабыркаган окуяга күнөөлүү жүргүнчү канча жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылды.

Белгилүү болгондой, 22-декабрда саат 18:15те Алматыда №47 автобустун жүргүнчүсү айдоочу аял менен чырдаша кетип, аны бетке 2 жолу уруп жиберген. Натыйжада айдоочу аял эсин жоготкон. Башкаруусуз калган автобус аялдаманын жанында турган адамдарды жана унааларды сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам мүрт кетип, жараат алган 4 киши ооруканага жаткырылган.

Алматынын полициясы билдиргендей, аталган окуя боюнча айдоочуну урган адамга карата 293-берене (бейбаштык) жана 351-берененин 3-бөлүгү (эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келген унаанын коопсуз иштешин камсыз кылуу эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иш козголгон. Шектүү 8 жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.

24-декабрда шектүү соттун чечими менен тергөө жүргөн мөөнөткө, 2 айга камакка алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>