Жаратылыш ресурстары министри Япониянын элчиси менен экология жана тоо-кен тармагындагы кызматташууну талкуулады

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хирано Рюити менен жолугушту. Министр элчини жаңы кызматка дайындалышы жана Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, алдыдагы ишине ийгиликтерди каалады.
Акыл Токтобаев Япония Кыргызстан үчүн айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттенүү жана тоо-кен тармагындагы негизги өнөктөштөрдүн бири экенин белгиледи.
Жолугушууда тараптар экология жана климат багытындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин, жаратылыш ресурстарын сактоо жана экологиялык коопсуздукту чыңдоо боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле тоо-кен тармагындагы кызматташтык боюнча пикир алышууга өзгөчө көңүл бурулду.
Министр заманбап экологиялык технологияларды киргизүү, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы потенциалды жогорулатуу жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого өз ара кызыкдар экенин ырастап, экологиялык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин билдиришти.