БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Баткен казыяты мыкты кызматкерин аныктады
29.12.2022 | 23:10
Баткен облустук мусулмандарынын казыяты алгылыктуу кызмат көрсөтүп келген мечиттер жана үгүт-насаат адиси Саидакмат ажы Аппазовдун ишмердүүлүгүн баалап, жылдын мыкты казыят кызматкери наамын ыйгарды. Бул тууралуу Муфтияттан билдирди.
Баткен облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов сыйлыкты тапшырып жатып төмөнкүлөргө токтолду:
«Жыл сайын мыкты кызматкерлерибизди аныктап келебиз. Анткени ак кызмат көрсөтүп келген кызматкерлерибиздин эмгектери бааланышы кажет. Бул жылы Саидакмат ажы казыяттын иштерин жүргүзүүдө өзгөчөлөндү. Мечиттерди эсептик каттооодон өткөрүүдөгү жана эл менен тыгыз иш алып баруудагы эмгектери чоң», – деди Муса ажы Жолдошов.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар