«31 млн сом зыян». УКМК эки экс-чиновникти кармады

«31 млн сом зыян». УКМК эки экс-чиновникти кармады

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын экс-директору Б.Б.Ж. (Болотбек Берикбаев) жана анын орун басары болгон К.М.З. (Мелис Кадырмамбетов) Бишкектеги Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын аймагынан жерди мыйзамсыз бергендиги үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Кадастр» мекемесинин Бишкек филиалынын жетекчилиги жана башка мамлекеттик органдар Ботаникалык бактын түштүк тарабындагы 0,244 га жерди жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схема уюштурган. Аталган жер ботаникалык бактын тосмосунун ичинде жайгашкандыгына карабай Бишкек шаарынын мэриясынын жасалма токтомун чыгаруу жолу менен жеке менчикке мыйзамсыз берилген.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, жерди мыйзамсыз берүүдөн мамлекетке 31 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

19-октябрда шектүү катары «Кадастр» мекемесинин Бишкек филиалынын экс-директору Берикбаев жана анын орун басары болгон Кадырмамбетов кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо жана мыйзамсыз берилген жерди кайтаруу боюнча иштер жүрүүдө.

Болотбек Берикбаев

Мелис Кадырмамбетов

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>