“Профицитти эл сезбейт”. Депутат Минкабды реалдуу жашоого чакырды

“Профицитти эл сезбейт”. Депутат Минкабды реалдуу жашоого чакырды

Толуу аймакта айлыктын аздыгынан мугалимдер, дарыгерлер жумуш таштап кетип жатат. Бул тууралуу бүгүн парламентте 2024-жылдын бюджетинин долбоорун кароо учурунда депутат Эмилбек Жамгырчиев билдирди.

Ал 2024-жылдын бюджетинде көрсөтүлгөн 19,2 миллиард сом өлчөмүндөгү профициттин реалдуулугуна күмөн санады. Ал бюджеттин кирешеси чыгашадан ашыруу үчүн өлкө катуу үнөмдөөгө өтүп, салык чогултууга басым болорун белгиледи.

“30 жылда ар кандай премьер-министр көрдүк, ар бири өз бюджети менен келет. Силер тарыхта чоң иш жасап, 30 жылда биринчи жолу профицит менен алып келип жатасыңар. Бирок үнөмдөп, же салыкка күч келтирип, профицитке чыгыштын мааниси барбы? Анын элге кереги жок, кайра кыйнап албайлы. Азыр Европада дагы профицитке чыгууга мүмкүнчүлүгү жок. 2022-жылдын бюджети 20,2 миллиард сом дефицит менен жыйынтыкталып, быйыл профицит 19,6 миллиард сомду түзүп жатат. Ошондо 40 миллиард сомдон ашыкты кайда табасыңар? Азыр бүтпөй жаткан курулуштар бар. Толуу райондо мугалимдер, дарыгерлер айлыктын аздыгынан жумуштан кетип жатат”, — деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, 2024-жылы республикалык бюджет 600,7 миллиард сом эсебинде пландалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>