Видео: 40 миң $ пара менен кармалган блогер тууралуу эмне белгилүү?

Видео: 40 миң $ пара менен кармалган блогер тууралуу эмне белгилүү?

Чүй облусунда Улан Бекмуратов аттуу блогер пара опузалоого шектелип кармалды.

Милициянын маалыматы боюнча, блогер 76 жаштагы жарандан ал тууралуу терс мүнөздөгү видеону жарылай турганын айтып, 40 миң доллар талап кылган. Ал аталган жарандан 37,3 миң доллар алып, кийин дагы акча сураган. 18-апрелде аталган жаран милицияга кайрылган. 2-майда блогер 2,7 миң доллар алууга шектелип кармалды. Учурда ал камакка алынган.

Интернеттеги ачык булактарга ылайык, аталган блогер wayhome.kg таксопаркын негиздеп, иштетип келет.

Ал коомчулукка унааларды техникалык кароодон өткөргөн жеке автолабораториялар боюнча маселени көтөрүп чыгып, таанымал болгон.

Блогер аталган лабораториялар техникалык кароо жүргүзүү үчүн унаа ээлеринен 4 миң сомдон акча алып жатканын, аталган сумманын 500 сому мамлекетке, калганы жеке фирмаларда калып жатканын билдирген. Көп өтпөй бул көйгөй көтөрүлгөндөн кийин, маселе оң жагына чечилгенин, техникалык кароо үчүн 2 миң сомдон алына турганын айткан.

@wayhome.kgБуйруса жакшы жанылык! Лаборатория!!!♬ оригинальный звук — wayhome.kg

18-апрелде ал автолабораториянын башчылары бир нече миң доллар пара бергенин айтып, видеосун соцтармактарга чыгарган. Ошол эле учурда, ал лаборатория башчылары чагымчылдык кылып, укук коргоо органдарына карматышы мүмкүндүгүн билдирген (белгилей кетсек, жабырлануучу делген жаран милицияга 18-апрелде кайрылган).

@wayhome.kgСатылба Кыргыз!!!♬ оригинальный звук — wayhome.kg

Андан кийин «пара албаганы үчүн» блогерге ишкерлердин бири унаа белек кылган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Бишкек-Ош komfort 2500 от дома до дома (@wayhome.kg)

Бир-эки күн өтпөй белекке алган унаасынын айнектери караңгылатылып, уруксаты болбогондуктан блогер кайгуул кызматкерлерине кармалган. Инспекторлор унаасын айып аянтчасына токтотууга алып келгенде, блогер кайгуул кызматкерлери менен талашып, ызы-чуу чыккан. Ал унаасынын айнегин караңгылатууга уруксат алуу үчүн акчасы бар экенин айтып, инспекторлор менен талашып-тартыша кеткен. Аны видеого тартып жаткан инспекторду «мал» деп атаган. Аны менен бирге унаасына бензин чачып өрттөөгө аракет кылган. Бирок аны кайгуул кызматкерлери токтотуп калган.

Жыйынтыгында блогердин унаасынын айнектери караңгылатылганы үчүн протокол түзүлүп, ага айып пул салынган. Ошондой эле, унаасы айып аянтчасына токтотулган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от УПСМ г.Бишкек (@upsm_kg)

Бир-эки күн мурда кайгуул кызматкери блогердин үстүнөн милицияга арыз жазганы маалымдалган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от УПСМ г.Бишкек (@upsm_kg)

Ал эми Жогорку Кеңештин 3-майдагы жыйынында депутат Балбак Түлөбаев пара менен кармалган блогер буга чейин президент жана башка адамдарды жамандап жүргөнүн айтып, бийликти ээнбаш блогерлерди тартипке келтирүүгө чакырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>