Бишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөтШайназаров: БШК шайлоо менен алектениши керек, лотерея менен эмес
Камаз сайга кулап, бир киши каза тапты
24.10.2021 | 14:14
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Кырчын тилкесинде ГЭС курулуп жаткан жерге жүк ташып бара жаткан КАМАЗ унаасы сайга кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши (аты жөнү такталууда) каза болуп, 4 эркек киши (аты жөндөрү такталууда) жабыркаган.
Жерине Тоң райондук №38 өрт куткаруу бөлүгүнүн авариялык куткаруу унаасы менен 5 куткаруучу тартылып жеринде каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдар менчик унаа менен ооруканага жеткирилген. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом