«Манас» аэропорту 51 жылдыгын белгилөөдө: масштабдуу модернизациялоонун жыйынтыктары жана келечектеги пландар
Өлкөнүн башкы аба майданы — «Манас» эл аралык аэропорту ири инфраструктуралык өзгөрүүлөрдүн жана тармактын каржылык көрсөткүчтөрүнүн өсүшүнүн фонунда негизделген күнүнүн 51 жылдыгын белгилеп жатат.
Акыркы жылдары «Кыргызстандын аэропорттору» ААКсынын башкаруусу алдында бир катар стратегиялык долбоорлор ишке ашырылды. Атап айтканда, акыркы аймактык аэропортторду ишке киргизүү аяктап, жаңы авиакаттамдар ачылды, ошондой эле авиациялык инфраструктуранын негизги объекттерин куруу жана модернизациялоо жигердүү жүрүүдө.
Учурдагы этапта «Манас» аэропортунун учуп-конуу тилкесин жана аэробекет комплексин реконструкциялоо аяктоо алдында турат. Муну менен катар «Ош» жана «Жалал-Абад» эл аралык аэропортторунда курулуш иштери уланууда.
Жылдын жыйынтыгы боюнча компаниянын консолидацияланган таза пайдасы 5 млрд сомго жеткен.
Asman Airlines улуттук авиаташуучусун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Заманбап экологиялык Dash 8-400 учактары сатылып алынып, квалификациялуу учкучтардын жана борт коштоочулардын штаты түзүлдү, эң башкысы — жеткиликтүү баада үзгүлтүксүз ички каттамдар ишке киргизилди. Бүгүнкү күндө авиакомпания Бишкек жана облус борборлорунун ортосунда тез жана коопсуз аба каттамын ийгиликтүү камсыз кылууда.
Эл аралык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү Кыргызстандын ЕБдин (Европа Биримдигинин) «кара тизмеси» деп аталган тизмеден чыгуу пландары менен түздөн-түз байланыштуу, бул Чыгыш Европа өлкөлөрүнө түз каттамдар үчүн келечекти ачат.
«Манас» аэропортунун инфраструктурасында да масштабдуу өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Мындан 50 жыл мурун курулган эски имараттын аянты 39 миң чарчы метрге жакын болгон. Реконструкциялоонун жүрүшүндө комплекс дагы 20 миң чарчы метрге чоңоюуда. Каттоо (регистрация) тулкуларынын саны эки эседен ашык көбөйүп, 60ка жетет.
Акыркы беш жылда, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен жана Манасбек Самидиновдун жетекчилиги астында, тармак инфраструктураны жаңылоодон баштап эл аралык авиаташуулар рыногундагы позициясын бекемдөөгө чейин олуттуу алдыга кадам таштады.
«Кыргызстандын аэропортторунун» 51 жылдыгына карата Reporter.kg редакциясы жамаатты жана жетекчиликти жетишилген ийгиликтери менен куттуктап, мындан аркы өнүгүүнү, коопсуз учууларды жана жаңы бийиктиктерди каалайт.