Бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан Бахтигул Базарматова изделүүдө

Бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан Бахтигул Базарматова изделүүдө

Жалал-Абад шаарынын 52 жаштагы тургуну Бахтигул Базарматова изделүүдө.  Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык Жалал-Абад шаарынын 52 жаштагы тургуну Базарматова Бахтигул Сабировна 25-ноябрь күнү саат 15:30тар чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинен кызы менен коштошуп үйүн көздөй кеткен боюнча дайынсыз.

Өзгөчө белгилери: Бою 155-160 см, өңү буудай ыраң, чачы, кашы, көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Башында сары, кара түстөр аралашкан жоолук, тизеге чейин келген боз түстөгү куртка, кара түстөгү шым, такасы кызыл болгон кара түстөгү ботинка.

Бахтигул Базарматова тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлерге кабарлап коюсун туугандары жана укук коргоо органдары өтүнүшөт:

(03722) 5-28-31, 7-03-44,

0777 79-23-63,

0773 00-08-02.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>