63 жаштагы Доктурбек Жамангулов изделүүдө

63 жаштагы Доктурбек Жамангулов изделүүдө

Ысык-Ата райондук милиция 63 жаштагы Жамагулов Доктурбек Жээнбековичти издейт. Ал аталган районго караштуу “Чистый Росы” аймагында (дача) үйүнөн 20-октябрь күнү чыгып кеткен боюнча кайрадан үйүнө кайтып келген эмес. Бул туурасында Чүй облустук милиция билдирди.

Өзгөчө белгилери: бою 168-170, арык чырай, чачы кыска, бети сүйрү, кашы ичке, муруну түз, эриндери ичке.

Кийимдери: Кара кышкы шляпа, кара күзгү куртка, кара жеңсиз куртка, жашыл футболка, кара спорттук шым, жылуу кара байпак, кара желим өтүк.

Өзгөчөлүктөрү: Бетинин сол жагында көздүн астында меңи бар. Психикалык жактан жабыркайт.

Жамангуловду көргөн-билгендер болсо төмөндөгү телефондорго чалып кабарлоону милиция өтүнөт.

Чүй облустук милициянын нөөмөт бөлүмү:  (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85

Ысык-Ата милициясынын нөөмөт бөлүмү: (0312) 61 69 07,
0703 17 17, 070161 69 07. (Издөө тобу).

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>