«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөтКыргызстанда 1 млрд долларлык фармацевтикалык индустриалдык парк курулатЧүй облусунда 100 орундуу оорукана жана жаңы мектеп курулат
Ош: Үйдөн алтын буюмдарды карактаган топ кармалды
21.10.2021 | 14:26
2021-жылдын 5-январында түнкү саат 02:00 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 36 жаштагы Х. Ш. өзүнүн турак жайында 2 баласы менен жаткан жерине белгисиз 2 адам беткапчан кирип, бычак менен коркутуп, үйүндөгү 300 000 сомдук алтын буюмдарын жана уюлдук кол телефонун карактап кеткен. Мурда бир нече жолу соттолгон 34 жаштагы Х. Ф. жана 28 жаштагы М. уулу Ф. экөө биргеликте жогорудагы кылмыш ишин жасаганы аныкталып кармалды.
Учурда Кара-Суу райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул туурасында Ош облустук милициядан билдиришти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом