Жапаров өзү демилгелеген Конституциянын беренелерин одоно түрдө бузуудабы?

Жапаров өзү демилгелеген Конституциянын беренелерин одоно түрдө бузуудабы?

Садыр Жапаров өзү демилгелеген жаңы Конституциянын беренелерин одоно түрдө бузууда. Мындай пикирин көз карандысыз журналист Айданбек Акматов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, президент министрлер кабинети менен президенттик администрацияны түзүп жатып жаңы Конституциянын беренелерин одоно түрдө бузган.

“Жапаров демилгелеген, 21-апрелде референдумда кабыл алынды деп жарыяланган конституция күчүнө кирди. Мына ошонун негизинде Жапаров өкмөттү, президенттик администрацияны түзүп жатат.

Бирок…Бирок абдан эле түшүнүксүз, абсурддук иштер болуп жатат.

Президент Жапаров өзү демилгелеп, референдумда кабыл алынган конституциянын беренелерин одоно түрдө бузуу менен президенттик администрацияны түзүп, өкмөттү дайындап жатат.

Карап көрүңүз:

21-апрелде кабыл алынган, президенттин расмий сайтында илинип турган конституциянын 70 беренесине ылайык президент өкмөт башчы, анын орун басарларын, өкмөт мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт. Конституцияда дал ушинтип жазылган. Бирок Жапаров Жогорку Кеңештин эч кандай макулдугу жок эле Марипов баш болгон өкмөт мүчөлөрүн дайындап салды. 70 берене одоно түрдө бузулду.

Андан сырткары, мына ушул эле конституциянын 79 беренесинде министрлер кабинетинин төрагасы президенттик администрациянын башчысы болот деп ташка тамга баскандай жазылып турат.

Демек, Марипов министрлер кабинетинин башчысы катары бир эле убакта президенттик админитрацияны да жетектеш керек эле.

Бирок бүгүн, 7-майда Жапаров жарлык чыгарып, анда президенттик администрацияны түзүп, анын жетекчилигине Сүйүнбек Касмамбетовду жана анын орун басарларын дайындады.

Бул эмне деген абсурд театры?”, — деп жазган Акматов.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>