8 адамдын өмүрүн алган жол кырсык: ӨКМ башчысы Кадамжайга барды

8 адамдын өмүрүн алган жол кырсык: ӨКМ башчысы Кадамжайга барды

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кечээ, 21 майда Кадамжай районунун Чечме айылында ири жол кырсыгы катталган жерге барды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы (трал) үстүнө жүктөгүч жүктөп бара жатып, Чечме айылында жайгашкан «Чечме унаа жолу» өткөрүү бекетинде жол кырсыгына кабылган.

Унаанын ичиндеги куткаруучулар катуу жааган жаандан жабыркаган Кадамжай районунун Бөжөй айылына сел каналдарын жана габион торчолорун орнотууга бара жаткан.

Жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам, анын ичинде ӨКМдин 2 кызматкери каза болду жана 7 адам жаракат алган.

Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы жол кырсыктан жабыркаган адамдардын өздүгү такталганы маалымдаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>