Саламаттыкты сактоо министри Женевадагы маршка катышты

Саламаттыкты сактоо министри Женевадагы маршка катышты

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 22-майда Женевада (Швейцарияда) Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 75-сессиясына катышууда. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кирген бардык өлкөлөрдүн делегациялары катышууда.

Министр А.Бейшеналиев Женевада сергек жашоо образы үчүн чогулган жүздөгөн адамдардын маршына катышты.

“Баардыгы үчүн ден соолук” челленджи Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун директору Адхан Гебрейесустун жана аймактык директору Ханс Клюгенин катышуусунда өттү.

Бул сапардын алкагында саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулоо максатында КР саламаттык сактоо министри Бейшеналиевдин дүйнөнүн бир катар ДССУга мүчө-мамлекеттердин делегация башчылары менен жолугушуулары пландаштырылууда.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>