«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктады
Кыргызстанга Сауд Арабиядан дарыгерлер келет. Эмнеге?
07.08.2022 | 12:08
Жакынкы күндөрү Кыргыстанга Сауд Арабиядан дарыгерлер келип, жарандарга акысыз операцияларды жасап берет. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов фейсбук баракчасындагы түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, макулдашууга ылайык Сауд Арабиядан атайын дарыгерлер келип, Бишкек, Ош шаарларында жана башка облустарда операция жасайт.
“Сауд Арабиянын падышасы Салмандын жардам көрсөтүү борборунун жетекчиси менен жолукканда, Кыргызстанда кээ бир оор ооруларга акысыз операция жасатып берүүнү суранганбыз. Бүгүнкү күнү анын жыйынтыгы чыгып, жакынкы күндөрү Сауд Арабиядан дарыгерлер барып, ооруп жаткан жарандарыбызга акысыз операция жасап бермекчи”, – деди ал.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом