Камчыбек Ташиевдин бир тууганы келтирилген чыгымды төлөгөндөн кийин үй камагына чыгарылдыАскат Алагөзөв: 30-июлдан 1-августка чейин Тамчы — Чолпон-Ата жолу жабылып туратКыргызстанда тигүүчүлөр жана селлерлер үчүн салык нөлгө түшүрүлүшү мүмкүнАйыл чарба министрлиги менен Италиянын FederUnacoma федерациясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту«Бишкек» ЭЭА Кытайда өкүлчүлүк ачып, кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койдуКиберчабуулдар жана маалыматтардын сыртка чыгып кетиши ВИЧтин алдын алууга жана дарылоого тоскоол болууда
Абдил Сегизбаевдин дагы бир тарапташы кармалды
28.01.2021 | 14:47
28-январда Бишкекте УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин дагы бир тарапташы кармалды. Бул тууралуу Сегизбаевдин социалдык тармактарындагы расмий баракчасында маалымдалды.
Абдил Сегизбаевди коргоо комитетинин төрагасы, активист Адилет Балтабаев кармалды. Маалым болгондой, ал Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Сегизбаевдин жубайы бүгүн эртең менен кармалган. Ал Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар