Абыкеев: Чыгыш Союзун түзүү зарылдыгы бышып жетилдиби?

Абыкеев: Чыгыш Союзун түзүү зарылдыгы бышып жетилдиби?

Дүйнө өзгөрүп жаңырууга чоң кадам таштады. Бул факты. Тилекке каршы адамзаттын жашоосундагы бардык жаңы өзгөрүүгө өтүү процесси согуштар, кыйроолор, тирешүүлөр, кагылышуулар менен төмөн кулап барып анан өз жолун таап, жаңы өсүшкө секрик жасаган. Бул тарыхтагы чындык. Бүгүнкү Россия менен Украинанын ортосундагы согуш Батыш менен Чыгыштын акыркы тирешүүсү, Батыш менен Чыгыштын өз ордуларын табуунун акыркы сыноосу болсо керек.

Батыш бери алганда акыркы эле үч жүз жылдыктын ичинде Чыгыштын каймагын калпып жеп, майын соруп жакшы эле байып чардашты. Балким бул да Жараткан Кудай тарабынан аларга буюрса керек. Адам байлыкка топук кылбаган сыяктуу эле Батыш да топук кылышпай Чыгыштын канын дагы көбүрөөк соргон аракетин күчөтө берди. Балким алардын мындай опкоктугу Жараткан Кудайга жакпай калганбы ортодо минтип күтүүсүз согуш чыгып барган сайын Батыш менен Чыгыштын (Атайлап Батыш менен Чыгыш дегенди чоң тамга менен жазып жатам) ортосундагы жүздөрүн жапкан жасалма пардалары сыйрылып, ар биринин чыныгы беттери ачыла баштады. Мен эмнегедир пандемия оорусу башталганда Жараткан Кудай дүйнөнү жаңыланууга, өзгөрүүгө, бул жолу ашыкча кыргынсыз, адам каны төгүлгөн чыгымсыз, согушсуз, ушул оору менен чектелип алып өтөбү деп ойлогом. Тилекке каршы андай болбоду. Бүгүн Европа менен Азиянын чегинде кан күйүп жатат.

Дүйнөдө экинчи орунда турат деген күчтүү армиясы бар Россия чакан Украинаны 23 күндөн бери басып ала албай айласы аштай кетүүдө. Түрүү аскеринен болобу, техникалык жактанбы эбегейсиз жоготууга учуроодо. Дүйнөнү биз бийлейбиз деген Евро Союз болсо Украинаны отко түртүп коюп ишине караганда сөзү көп болуп тикелей чала-була жардам беримиш богону менен максаттары Россияны таптакыр очорултуп, кедейликтин сазына батырып, андан бир нече жылга чыга алгыз кылып чөгөрүп ташташ үчүн экономикалык соккуну аянбай урушууда.

Россиянын буга чейинки аскерий күчү тууралуу дүйнөгө мактанып жүргөн “кооз шарлары” биринин артынан бири жарылып, чыныгы жүзү ачылган сыяктуу эле Евро Союздун да барына сүйкүмдүү угулган “музыкасынын” максаты эмнени көздөрү белгилүү болду. Эстегиле Америка Иракты канча саатта басып алып, Садам Хусейиндин түбүнө жетип койду эле? Россия андай “ийгиликти” көрсөтө алган жок. Андай күчү да жок экен.

ЕС Украинага чындап боор ооруп болушса аскерий жардам бербесе да акыркы үлгүдөгү курал жарактан кенен бергенде Украина Россиянын куралдуу күчтөрүнүн, техникаларынын таш-талканын чыгарып бир жумада кайра кууп чыгышмак. Тилекке каршы андай болбой жатат. Жаңы үлгүдөгү куралдардан сыноодон өткөзгүсү келгенсип бир аздан бергени менен негизинен колдонуудан калып бараткан кампаларда шыкалып чаң басып жаткан куралдардан кутулгусу келгенсип эскисин жөнөтүүдө. Демек Украинага карата таза ойлору жок. Тескерисинче славияндардын эки мамлекети бири-бири менен узакка кырылышып эки жагы тең таптакыр талкаланып калуусуна шар түзүп жатышканы акыл жүгүрткөн адамга айдан ачык эле болуп калды.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Сөздү кыскартып, айтайын деген ойдун негизине өтөйүн. Бул согуштун кесепетинен каражат жүгүртүүнүн дүйнөлүк валютасы болгон доллар Чыгыш мамлекеттерин да кекиртектен алып кысып, дем алдырбай бүжүрөтө баштады. Россиянын аркасынан Чыгыш мамлекеттери да кризистин сазына чөгүүгө ээрчишкен бойдон гана бара бериши керекпи же бойлорун түздөп, “ДОЛЛАР” деген кагазга ороп туруп “дубалаган магиялык” күчтөн силкинип кутулуу керекпи?

Доллар эчак эле алтын менен бекемделген “алтын валюталык” кунунан айрылып кадимки кагазга айланганын бүт дүйнө билет. Дүйнө мамлекеттери билип туруп бир тилим жашыл кагазга алтын, темир, газ, нефти баш болгон чыныгы жаратылыштан алынган бүт байлыгын эч ойлонбой туруп беришүүдө. Мындай акылдан адашкан дөдөйлүк тууралуу т-э-э 25 жылча мурда эле “Акча согушу”- деген макаламда жазгам. Образдуу айтсам мен кадимки ак кагаздын четинен кыркып алып, сүрөт тартып боеп анан “доллар”- деп жазып туруп, сага минип жүргөн машинаңды же үйүңдү сат десем эмне дейсиң? “Чым коргондон чыгып келдиңби”- дейсиң да. Бирок дүйнөдөгү мамлекеттер, андагы жашаган эл так ушул “Чым Коргондон чыгып келгендей” доллардын астында жинди болуп жатышпайбы. Себеби жөөтөр ошондой система түзүп коюшкан. Дүйнөдөгү бүт мамлекеттер ошол системанын курмандыгы болууда. Бүгүн так ошол системаны кыйратып буга чейин баш көтөртпөй чырмап алып бийлик жүргүзгөн ал чынжырдан бошонуп чыгуунун кезеги келип турат.

КАНТИП?

Жаңы эч нерсе ойлоп убара болуштун кереги жок. Батыш мамлекеттери бирин-бири колдоп, сүйөп таяп, жардамдашып жүрүп бүгүнкү денгээлге көтөрүлгөн жолду толугу менен Чыгышка алып келип болгону алардагы оркойгон каталарды жоюп, жаңыртып, жакшыртып ишке киргизүү керек. Бул Чыгыш Союзун түзүү дегендик. Балким атын Азия Союзу десе деле болот. Маселе атында деле эмес затында.

ЧЫГЫШ СОЮЗУ канча тез түзүлсө ошончо чыгыштагы мамлекеттер дүйнөнү каптаган кризистен кутулуп бой түзөшөт. Чыгыш Союзуна кимдер кириши керек? Башталышында Кытай, Россия, Кыргызстан, Казакстан, Азербажан, Өзбекстан, Тажиксатан, макул дешсе Түркия, Түрүкменстан, Оганстан, Индия, Тайван, Малазия. Ветнам, Түштүк Корея. Калганы улана берет.

Чыгыш Союзу түзүлөрү менен тез байып кетүүгө бардык жагынан кенен шарты бар, жетишерлик ресурсу да бар дүйнөдөгү эң күчтүү Союз болот. Жогорку мамлекеттерди карап туруп акыл калчап көргүлө? Дүйнөдөгү адамзаттын керектөөсүнө зарыл болгон Менделеевдин таблицасындагы элементтердин дүйнөлүк негизги ресурсунун бери болгондо 80 пайызы ушул мамлекеттерде жайгашкан. Алтыныбы, темириби, газыбы, невтисиби кыскасы жетишерлик. Таң калшытуусу ушунча байлыктын үстүндө отуруп эң кедей жашагандар да ушул мамлекеттердин ичинде.

Астына ала айтайын. Бул жагы жомоко окшошо баштайт. Бирок “Бардык башталыш жомоктон башталган”- деген кеп бар. Бир замандарда учуучу килем жомок болуп башталса бүгүн ракета, самолет калып,учуучу машиналар чыга баштады. Ошондуктан жомок дебей терең ойлонгула.

Чыгыш Союзу ишти долларга болгон күнкөрлуктан кутулуп, ортолук акча каражатын кабыл алышмайын чыныгы Союз болушуп бириге алышпайт. Ал эми ортолук акча кабыл алуу өтө оор иш. Бул жерде өтө чоң саясий оюн жатат. Ошондуктан Союздун акча бирдиги катары Кыргыз мамлекетинин СОМУН сунуштайт элем.

Союзга кирген бардык мамлекеттер башка мамлекеттер менен болгон каржылык карым-катынашты сом менен жүргүзүшү керек. Ал эми ички каржы соодосын өз валюталары менен жүргүзө беришсин. Мисалга Кытай Россиядан невти алса канча каражатка алса да сом алып анан ага Россиядан сомго сатып алышы керек дегендей. Ошондой эле мисалга Америка менен каржылык иштерин да сом менен жүргүзүшү керек. Ошондой эле доллар менен иштешкен батыш мамлекеттери да Чыгыш Союзуна кирген кайсыл гана мамлекет менен болбосун каржы соодасын жүргүсөм десе сом сатып алып жүргүзүшү керек. Ошондо гана доллар өз бийлигинен айрылат. ЧС өз күчүнө ээ болот. ЧС да экономикалык чукул секирик башталат.

Ал үчүн Кыргызстан ЧСнын “алтын чөйчөгү” аталып, “Согушсуз аймак”- деген статус берилиши керек. Кыргызстанга дүйнөлүк акыркы технология менен камсыз кылынган ЧСнын банкы курулушу зарыл. Сом канча суммада чыкса да алтын куну менен бекемделип турушу керек. Мисалга Кытайга миллард сом керек болсо ЧС банкына ошонун алтынын алып келип салып анан сомду алып кетиши керек. Алтын менен бекемделген сом дүйнөдөгү эң кымбат жана туруктуу валютага айланат. Ал бүгүнкү доллар сыяктуу кагаз болбойт. Алтындын кунун кармайт. Мен башкы багытын айтып жатам калганын адистер тереңдеп иштеп чыгышмак.

ЭМНЕ ҮЧҮН СОМ?

Акча бул чоң саясат. Демек анын ашыкча саясий күчкө ээ болушуна жол берилбеши керек. Ошондо гана Союзга кирген мамлекеттер ортосундагы мамиледе калыстык болот. Мисалга “Кытай юанын эмне үчүн союздун орток акчасы катары колдонбойбуз? Мамлекеттер аралык каржы жүгүртүүдө эч кандай кадыр баркы жок СОМГО эмнеге бары макул болушу керек?” -деген суроо сөзсүз туулат.

Биринчи; Кытай юаны чын эле бүгүн ортолук акча катары жүгүртүүгө оңтойлуу. Кытай экономикалык жактан дүркүрөп өсүп баратат. Юань менен Союзга кирген мамлекеттериди толук жабдыганга күчү жетет. Бирок. Маселе ушул “бирокто” жатат. Эртең АКШнын шапкесин кийип, каржы диктатурасына өтүп, каалаганына саңкция салып, юанды жүгүртүүгө берүүнүн баасын каалагандай көтөрүп оюн кое баштабайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ага Кытай мамлекетинин күч-кубаты жетет. Каршы чыга алуучулар деле болбойт. Союзга мүчө чакан мамлекеттерди каалашынча жүдөтүшү да мүмкүн. Кыргызстан болсо чакан мамлекет. Союзга кирген мамлекеттердин эч кимисине кыр көрсөтө албайт. Союзга кирген мамлекеттердин ортосундагы түзүлгөн келишимди кынтыксыз так сактап берүүгө кана укуктуу болот.

Экинчи; Кыргызстан келечекте Союзга кирүүчү мамлекеттердин так ортосунда жайгашкан. Бир канаты Россия, экинчи канаты Кытай. “Кыргызстан согушсуз аймак” деген статус берилсе эч ким катыла албашына мыкты кепилдик бар. Тартип бузулса Кытай же Россия ошол замат калкан боло алат. Эмнеге “Кыргызстан согушсуз аймак” болушу керек. Анткени Союзга кирген мамлекеттердин алтын кору Кыргызстанда сакталышы керек.

Үчүнчү; “Кыргызстанга кирүүгө өзгөчө виза кароого укуктуу мамлекет”- деп аталышы керек. Кыргызстанга кирүүгө миграциялык агым катуу көзөмөлгө алынып, Союзга кирген мамлекеттердин жарандары болсо деле өзгөчө көзөмөл керек. Анткени Кыргызстан Союзга кирген бир канча мамлекеттердин байлыгын сактап турган мамлекет болот. Ошондуктан башында “ Кыргызстан алтын чөйчөк”- дедим.

Бул жөнөкөй бирок Чыгыштагы мамлекеттер үчүн өтө маанилүү сунуш. Чыгыш мамлекеттери барынын экономикасы кыйрагыча күтпөй канчалык эрте эстерине келишип доллардын көз карандылыгынан чыгышса ошончо утушка ээ болушат. Америка керек болсо Кытайга сөөмөй кезеп, “Россияга болушсаң акеңди окутуп коем”- дегени гегемонмун деген мамлекеттерди эсине келтирер бекен. Калганы чындап ЧС түзүү башталганда жазылат. Азырынча бул “жомокту” ушуну менен токтото турайын. “Учуучу килем” жаралды “самолет” качан чыгаары белгисиз?

Чолпонбек Абыкеев

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>