Абылгазиев кайсы иш боюнча сурак бергенин ачыктаган жок

Абылгазиев кайсы иш боюнча сурак бергенин ачыктаган жок

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштар менен каршы күрөшүү кызматына төрт сааттан ашык сурак берди. Ал сурактан чыгып, кайсы иш боюнча суракка чакырылганын ачыктаган жок.

«Тергөөнүн сырын ачпоо боюнча кол коюп бердим. Баары эле жакшы. Азыр менде жумуш жок, үй-бүлөм мененмин. Кыргызстанда эле болом”, – деди ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Буга чейин Абылгазиевдин суракка чакыртылганын кабарлаган өздүк булактар, ал COVID-19 пандемиясы укчурундагы окуялар боюнча сурак берип жатканын айткан.

Жакында эле Абылгазиевдин өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынган.

Абылгазиев ушул жылдын июнь айында жыштык чырына байланыштуу кызматтан кеткен.  COVID-19 пандемиясындагы шалаакылыктарга байланыштуу мурдагы өкмөт башчыны жоопко тартуу керектиги байма-бай айтылып келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>