УКМК пара талап кылган «Унаа» мекемесинин кызматкерин кармады

УКМК пара талап кылган «Унаа» мекемесинин кызматкерин кармады

Жайыл-Панфилов «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК жана ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, 2022-жылдын 9-ноябрында ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкери кармалды.

Мурда, УКМКга К.И.А. аттуу КР жараны, автотранспортту кайра жабдууда уруксаат кагаздарын берүү үчүн акча талап кылган «Унаа» ММ кызматкерине чара көрүлүүсү туралуу арызы менен кайрылган.

2022-жылдын 9-ноябрында Кара-Балта шаарында Жайыл-Панфилов «Унаа» мамлекеттик мекемесинин адиси Т.К.О. акча каражатын талап кылып алып жаткан учурунда кармалды. Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын ичинде «Унаа» ММ кызматкери тарабынан акча талап кылуунун башка мүмкүн болгон фактыларын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>