Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берүүдө

Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берүүдө

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан билдиришти.

Ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары экинчи жолу суракка чакыртылган.

Мадумаров соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып, президент Садыр Жапаровдун атын атап келет. Президент менен анын администрациясы Мадумаровдун дооматына үн ката элек.

Былтыр октябрда Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол «кедергисин тийгизип жатканын» да билдирген.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын дагы бир депутаты Орозайым Нарматова Улуттук коопсуздук комитетине диплому боюнча 14-январда сурак берип чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>