“Асман” шаары: Тышкы инвесторлорго жерлер бөлүнүп берилет

“Асман” шаары: Тышкы инвесторлорго жерлер бөлүнүп берилет

Өзүбүздүн ички жана тышкы инвесторлорго жерлерди бөлүп беребиз. Алар салат жана өздөрү сатат. Бул туурасында президент Садыр Жапаров “Вечерний Бишкек” басылмасына берген маегинде билдирген.

“Асман шаарына казынадан бир тыйын коротпойбуз. Корото турган акчабыз да жок. Бул шаарга болжол менен 20 миллиард доллардын тегерегинде акча кетет экен. Ошондуктан биз өзүбүздүн ички жана тышкы инвесторлорго жерлерди бөлүп беребиз. Алар салат жана өздөрү сатат. Пайдасын өздөрү көрөт. Мамлекет болгону 10 пайызга чейин квартира менен алабыз дагы ипотекалык компания аркылуу элге беребиз. Эгер мамлекетибизде 20 миллиард доллар акча болгондо өзүбүз салып, 10 жылдан кийин бирге бир кылып, 20 миллиард доллар таза киреше чыгарып алмакпыз. Өзүбүз сала албагандан кийин, салабыз деп жаткан инвесторлорго берели да. Азыр генералдык план иштелип жатат. Ал деле 1-2 жылда араң бүтчүдөй. Ал шаар башталып кетсе, минимум 200 миң адамга жумушчу орун пайда болот. Экологиялык таза шаар салынат. Бардык долбоорлорун, дизайндарын, иштин жүрүшүн өзүбүз көзөмөлдөп турабыз. Астана деле ушундай метод менен курулган” – деп журналисттин суроосуна жооп берген.

Буга чейин “Асман” шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлүп ага ишкер Тимур Файзиев жетекчиликке келгени кабарланган.  Ысык-Көл облусуна Асман деп аталган, жарым миллион туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун жарыялап, 7-10 жыл ичинде шаар курулуп бүтүп калары айтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>