Адам өлтүрүү фактысын жашырган милиция кызматкерлери кармалды

Адам өлтүрүү фактысын жашырган милиция кызматкерлери кармалды

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата райондук милициясынын башчысынын мурдагы орун басары жана тергөөчү адам өлтүрүү иши боюнча кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда мындан бир нече жыл мурда Ысык-Атада болгон адам өлтүрүүгө байланыштуу иш тергелип жатат.

Ал учурда кылмыш иш тергелип, адам өз жанын өзү кыйган деп иш жабылган. Кийинчерээк милиция кызматкерлери шектүү менен сүйлөшүп алып, адам өлтүрүү фактысын жашырып койгону ачыкталган.

Тергөөчүлөр каза болгон адамдын сөөгүн эксгумация кылып, экспертиза ал киши колдуу болгонун көрсөткөн.

Бул окуяга байланыштуу Ысык-Ата райондук милициясынын иликтөө иштери боюнча башчысынын Нурдин Ж. аттуу мурдагы орун басары жана тергөөчү кармалган. Буга чейин экспертиза жүргүзгөн эксперт кармалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>