Кышка даярдык: Бишкектеги көмүр базаларынын даректери

Кышка даярдык: Бишкектеги көмүр базаларынын даректери

Бишкек шаарында кышка карата көмүрдү даярдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, даярдык иштери июль айында башталган. Көмүр Ленин, Октябрь жана Свердлов райондорундагы базаларга ташылып келүүдө. Ал эми Биринчи май районунда отун базасы жок. Бирок жыл сайын кышка карата көмүр сатуу үчүн 20га жакын стационардык пункт ачылат.

Ленин районунда 7 көмүр базасы иштейт:

— Садыгалиев көчөсү, №4б дарегиндеги «Руслан ижана  МАК» ЖЧКсы  (мурдагы «Ак-Жол» ЖЧКсы);

— Мурманск көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасы (патенттин негизинде: Улан Мустафаев);

— Мурманск көчөсү, 45/2  дарегиндеги «Кара-Тоо» ЖЧКсы (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы);

— Мурманск  көчөсү, 122 жана 122а даректериндеги «Береке» ЖЧКсы;

— Мурманск көчөсү, 1Б дарегиндеги «Беш Сары» ЖЧКсы;

— Дэн Сяопин проспектиси, 306а дарегиндеги Коргоо министрлигинин көмүр базасы;

— Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 дарегиндеги «Болотбеков» ЖИ.

Мындан тышкары кышка карата көмүр сатуучу 20га жакын стационардык пункт ачылат.

Свердлов району:

— Достоевский көчөсү, 1 дарегинде 1 көмүр  базасы бар.

Октябрь району:

— Кара-Жыгач конушундагы Сары-Өзөн көчөсү 98а дарегинде «Глобал Азия Пропертис» ЖЧКсынын 1 көмүр базасы бар.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>