Жаңы «Ак үй». Компанияга бериле турган жер тилкеси көбөйтүлдү

Жаңы «Ак үй». Компанияга бериле турган жер тилкеси көбөйтүлдү

Президенттик администрациянын жаңы имаратынын  аянты 17 чарчы метрден 39 чарчы метрге чоңойтулду. Бул тууралуу өлкө башчысынын иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Ага байланыштуу долбоорду ишке ашырып жаткан компания 16 гектардын ордуна 24 гектар жер алат.

«Алгачкы долбоордо «Ак үйдүн» аянты 17 миң чарчы метр болгон, кийин президенттик администрациясынын кызматкерлери 39 миң чарчы метрге чоңойтуу керектигин айтышкан. Ушул себептен аталган долбоорду ишке ашырып жаткан компанияга бериле турчу жердин аянты чонойтулган», — дейт ал.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин №380 токтомуна ылайык «Иншаат строй билдинг» компаниясына 25,7 гектар Айтматов проспекти жана Масалиев көчөлөрүнөн бөлүнүп берилет.

Каныбек Туманбаевдин айтымында, имарат  8-9 эсе арзан курулуп жатат.

«Курулуштун сапаты жакшы, заманбап эл аралык талаптарга толугу менен жооп берет», — деп ынандырды ал.

Садыр Жапаров президенттик администрациянын жаңы имаратынын аталышын издөөдө

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>