Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Агартуу министрлиги: Мектептердеги кызыл журналдар жоюлат
12.06.2025 | 09:34
Келерки окуу жылынан баштап мектептерде кызыл журналдар болбойт. Мектептер толугу менен электрондук күндөлүккө өтөт. Окуучулар жана ата-энелер бааларды жана катышууну онлайн көрө алышат.
Агартуу министрлиги санариптик платформага өтүүдө негизги көйгөйлөрдүн бири мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу экенин белгилейт.
Окуучулардын бардык маалыматтары электрондук жеке делосуна киргизилет.
Министрлик кагаз түрүндө отчет берүүнү да кыскартат. Учурда мугалимдер отчеттун 46 түрүн түзүшү керек. Анын үстүнө бул отчеттор Агартуу министрлигине эле эмес, санэпидстанцияга, Саламаттык сактоо министрлигине, Ички иштер министрлигине жана башка мамлекеттик органдарга да даярдалган. Келечекте мунун баары системада автоматтык түрдө түзүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар