Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Башкы прокуратура: IT тармагындагы ири ишкана салык төлөөдөн качып келген
12.06.2025 | 09:34
Башкы прокуратура IT тармагында иш алып барган ири ишкана узак убакыт бою салык төлөбөй келгенин билдирди.
Маалыматка ылайык, Салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 57 млн сомдон ашуун суммадагы салыктын бюджетке төлөнбөй калган фактысы аныкталган.
“Санариптик кызмат көрсөтүү, мобилдик жана веб-тиркемелерди иштеп чыгуу, онлайн маркетинг жана навигация тармагында коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүп келген ири компания салыктарды төлөөдөн узак убакыт бою качып келген”,- деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (адамдардын тобу тарабынан алдын ала бүтүм боюнча өзгөчө ири өлчөмдө бюджетке салыктарды төлөөдөн качуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар